Таиланд менен Мьянмада катуу жер титирөө болду

Дүйнө 2226 28 Март 2025 14:42
adb10f9e-a8f1-4c98-bfb7-d4b4324ebde0.jpeg
ee627700-c9b6-400d-9f8f-62d94f03dcf5.jpeg
29984ef1-b1ec-4037-bb1b-0125c23a882a.jpeg
2bd4237e-eaea-4ce4-bd6c-1397bb31d96a.jpeg
9e04e8bf-83c1-42e1-9cf7-f98054191e76.jpeg
74ea8d26-286f-4447-9170-1e00b9fe3983.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. АКШнын Геологиялык кызматы бүгүн Мьянманын борбордук бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, биринчи жер титирөө Мьянманын Сагаинг шаарынан 16 чакырым түндүк-түндүк-батыш тарапта болгон.

“Экинчи катуу жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен Мьянмада Сагаинг шаарына жакын жерде биринчи титирөөдөн 12 мүнөттөн кийин болду.

Жер титирөөнүн очогунда жүздөгөн үйлөр кыйрап, Мандалай шаарында адамдар урандылардын астынан чыгарылып, издөө-куткаруу иштери башталды”,-деп айтылат маалыматта.

Таиландын “Bangkok Post” маалымат агентти билдиргендей, жер титирөө коңшу Таиландда да сезилип, жүздөгөн адамдар имараттарын таштап, Бангкокто көчөгө чыгышкан.

Таиланддын түндүгүндө болгон жер титирөөнүн күчү 4,2 баллга жетип, Бангкокто көп кабаттуу үй урап түшкөн.