Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Таиландда өзгөчө оор кылмышка шектелген Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Шектүүлөр Таиланддын Борбордук тергөө бюросу (CIB) жана Пхукеттин иммиграциялык полициясы тарабынан кармалды. Кармалгандар 2000-жылы туулган Р. А. жана Н. А. аттуу Кыргызстандын жарандары Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын апрель айында Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токойдон чет элдик жаран 1963-жылы туулган Ж.Ч.нын сөөгү табылып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка тиешеси бар адамдардын тобу кармалып, бирок жогорудагы эки шектүү өлкөдөн жашыруун чыгып, Пхукетке качып кетишкен. Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргелешкен ишинин натыйжасында алар Таиланддан колго түштү.