Таиландда 72 жолборс вирустан өлүп, парктар жабылды

Дүйнө Загрузка... 25 Февраль 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-02-25 at 06.58.30.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Таиланддын бийлиги Чиангмай провинциясындагы туристтик парктарда 72 жолборстун өлүмүнө себеп болгон кооптуу вирустун жайылышын токтотууга аракет кылууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, вирус эң көп Tiger Kingdom Mae Taeng жана Tiger Kingdom Mae Rim жеке менчик парктарында катталган. 8-февралдан 19-февралга чейин биринчи паркта 51 жолборс, экинчисинде 21 жолборс өлгөн. Ветеринардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, жаныбарлар мышык панлейкопениясы (парвовирус) менен жабыркаганы аныкталды. Ошондой эле айрым жырткычтардан чума вирусу жана микоплазма бактериясы табылган.

Эксперттердин айтымында, жолборсторду дарылоо үй жаныбарларына караганда кыйла татаал. Алар адамдар менен тыгыз байланышта болбогондуктан, оорунун белгилери кеч байкалып, илдет өтүшүп кеткен учурлар көп кездешет.

Учурда бийлик өкүлдөрү парктардын бирин убактылуу жаап, эки жайга тең кирүүнү чектеди. Аймактарда дезинфекция жүргүзүлүп, тирүү калган жолборстор карантинге алынды. Мындан тышкары, соо жаныбарларды эмдөө пландалууда.

Адистер жырткычтардын бул вирусу адамдар үчүн кооптуу эмес экенин белгилешет.