Таиландда курулуш крандары кулап, 30дан ашык адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 16 Январь 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Таиландда курулуш крандары кулап, 30дан ашык адам каза тапты. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, 14-январда Таиланддын түндүк-чыгышындагы Накхонратчасима провинциясында курулуш краны жүргүнчү ташуучу поездге кулап түшкөн. Кырсыкта 32 адам каза болуп, поезддеги 195 жүргүнчүнүн 66сы жаракат алган.

Күн мурун, 15-январда Бангкоктун жанындагы Самутсакхон провинциясында эстакада куруу үчүн колдонулуп жаткан дагы бир курулуш краны жолго кулап, унааларды басып калган. Кырсыктан эки адам каза болгон.

Катары менен катталган эки кырсыктагы крандар бир эле курулуш компаниясына тиешелүү экени айтылууда.

Компания жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кенемте төлөөгө жооптуу болорун билдирген.

Мындан тышкары, курулуш компаниясы өз курулуш аянтчаларында коопсуздук чараларын карап чыгып, көзөмөлдү күчөтүүнү убадалаган.

Бул кайгылуу окуялардан кийин Таиланд бийлиги өлкөнүн курулуш аянтчаларында коопсуздук стандарттарынын сакталышын текшере турганын белгиледи.