Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Таиландда 93 өлкөдөн келген туристтер үчүн өлкөдө визасыз жүрүүнү 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу талкууланууда. Бул тууралуу Туризм министрлигинин туруктуу катчысы Наттхрия Тхавивонг билдиргенин, Известия жазды.
Анда белгиленгендей, өлкө премьер-министри тарабынан түзүлгөн жана Тышкы иштер боюнча туруктуу катчы жетектеген жаңы комитет визалык чараларды, анын ичинде 93 өлкөдөн келген туристтер үчүн 60 күндүк визасыз жүрүүнү карап чыгуу пландалууда.
Бул өзгөрүү туризмге таасир тийгизбейт деп айтылууда. Анткени Таиландда туристтер 21 күндөн ашык кармалышпайт. Өлкөдө 30 күндөн ашык калууну каалагандар жүрүү мөөнөтүн адаттагыдай узарта алышат.
Тур операторлор ассоциациясы Таиландга келген туристтердин саны 2026-жылдын январында 6,7%га көбөйүп, 272 959га жеткенин маалымдады.