Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. 11 айда Бишкектин Свердлов районунда укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан 32 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, наркотикалык кылмыштар жалпы кылмыштардын 0,75%ын түзөт. Бул көрсөткүч мурунку жылдары 2,78%ды түзгөндүктөн, учурда салыштырмалуу кыйла азайгандыгын көрсөтүүдө.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча козголгон 32 кылмыш ишинин ичинен 17 адамга тиешелүү 15 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 7 кылмыш иши тергөөдө.
Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында эмес мыйзамсыз даярдоо" боюнча 10 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 5 адамга тиешелүү 5 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 5 кылмыш иши тергөөдө.
Белгиленгендей, баңгизаттарды сатуу кылмыштары жаштар тарабынан интернет платформаларын колдонуу менен барган сайын көбөйүп баратат. Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы мындай кылмыштар боюнча тынымсыз иштеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана укук коргоо органдарын жаштар үчүн жолугушууларды жана тегерек столдорду өткөрүүгө тартып келет.
Прокуратура баңгизаттарды тараткандыгы үчүн эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо сыяктуу катаал кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин жаза каралганын эскертет.