Суусамырда мыйзамсыз балык уулагандарга чара көрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 16 Июнь 2026 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө кезектеги экологиялык рейд өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдарды бузган бир нече учурлар аныкталды.

Алсак, балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 2 протокол түзүлдү. Ошондой эле жаратылышка чоң зыян келтирген синтетикалык тор менен балык кармоо фактысы боюнча 1 протокол түзүлүп, күнөөлүүлөргө айып пул салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда инспекторлор жергиликтүү тургундарга жана малчыларга жайыттарды коргоо боюнча маанилүү эскертүүлөрдү беришти. Жайыттардын кыртышын бузбоо максатында чөптөрдү унаа, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен тебелөөгө катуу чектөө киргизилгендиги түшүндүрүлдү.