Сутка ичинде 113 мас айдоочу кармалды – ИИМ

Укук тартиби Загрузка... 01 Апрель 2026 15:22
1077235940_0_66_1281_786_1920x0_80_0_0_ffb21f8dceec82404745ab1d5bca1257.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 4 миң 496 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Мас абалында унаа башкарган 113 айдоочу;
  • Белгиленген ылдамдыкты ашырып айдаган 738 айдоочу;
  • Карама-каршы тилкеге чыккан  152;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу  27;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу  1;
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу  113;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 825 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.