Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Чүй облусунда таза суу жана сугат суу маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, буга чейин таза суу менен камсыздоо боюнча ишке ашырылган айрым долбоорлор күткөндөй жыйынтык берген эмес. Ошондой эле сугат суу тармагында да көйгөйлөр көп болуп, эскирген ирригациялык системалар дыйкандарды толук камсыздай албай келген.
“Учурда таза суу жана сугат суу системалары мамлекеттин көзөмөлүнө өтүп, бирдиктүү саясаттын негизинде жаңыланууда. Бул багытта суу сактагычтар, убактылуу көлмөлөр жана негизги каналдар курулуп, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Панфилов районунан Кеминге чейин кышында сууну топтоп, жазында пайдалануу үчүн бир нече суу сактагыч курулуп жатат. Максат — дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздап, сууну үнөмдүү пайдалануу”, — деди ал.