Суэц булуңунда нефть бургулоочу мунара оодарылып, 4 адам каза болду

Загрузка... 02 Июль 2025 14:41
WhatsApp Image 2025-07-02 at 13.43.22.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Суэц булуңунда нефть бургулоочу мунара оодарылып кетти. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен кеминде 4 адам каза таап, 21 адам жаракат алган.

Кырсык болгон жерге өлкөнүн мунай жана минералдык ресурстар министри Карим Бадави жөнөп кеткен.

Азырынча нефть бургулоочу мунара эмнеден улам урап түшкөнү белгисиз.

Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгон алты адамды издеп жатышат.