Спорт ордосундагы эски бассейн демонтаждалууда

Коом Жүктөлүүдө... 02 Апрель 2026 10:10
1775040972_large.jpeg
1775040942.jpeg
1775040952.jpeg
Алдыга
Артка
1775040972_large.jpeg
1775040942.jpeg
1775040952.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейнди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жеринде атайын техникалар, анын ичинде эки экскаватор жана 16 HOWO  иштеп жатат.

Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Долбоорго ылайык, эски бассейндин ордуна жаңысы курулат. Бул машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана борбор калаанын тургундары үчүн спорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.