Жылына ирригация тармагын өнүктүрүүгө 3 млрд сомго чейин каражат бөлүнөт

Коом Загрузка... 18 Декабрь 2025 17:50
1044447729_0_56_1600_961_600x0_80_0_0_c4c5b1fc3d5dea9fb69742d0acbd4aae.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Жыл сайын республикалык бюджеттен ирригация тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон 3 млрд сомго чейинки каражат бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, мурда ирригация тармагына 200 млн сомдон ашпаган каражат бөлүнчү.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында жалпысынан 44 ирригациялык объектинин курулушу пландалган. Бүгүнкү күндө 10 объект толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

“Натыйжада 5 680 гектар жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү, 37 953 гектар сугат жерлеринин суу менен камсыз болуусу жакшыртылды жана 12 253 гектар жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу көйгөйлөрүн чечүү максатында 2024–2030-жылдары жалпы көлөмү 953,74 млн куб метрди түзгөн суткалык жана декадалык жөнгө салуучу 106 бассейнди (СЖБ, ДЖБ) куруу пландаштырылган. Алардын ичинен Чүй облусу боюнча жалпы сыйымдуулугу 188,4 млн куб метрди түзгөн 27 СЖБ жана ДЖБ куруу каралган”, - деди ал.