Бишкек, 13.01.26 /Кабар/. SpaceX компаниясына таандык Falcon 9 ракета-ташуучусу Starlink глобалдык интернет тармагын кеңейтүү максатында 29 кичи спутникти орбитага чыгарды. Бул тууралуу Интерфакс маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул жыл башталгандан бери Starlink спутниктеринин үчүнчү учурулушу болуп саналат.
Ракета күн мурун Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулуп, болжол менен бир сааттан кийин спутниктер экинчи баскычтан бөлүнүп, белгиленген орбитага чыккан.
Starlink долбоору 2019-жылдын башталгандан бери SpaceX компаниясы 10,9 миңден ашуун спутникти космоско учурду. Алардын айрымдары бузулуп же орбитадан чыккан. Учурда 9,4 миңден ашык спутник орбитада активдүү иштеп жатат.
Келечекте SpaceX орбиталык топтомду 12 миң спутникке чейин кеңейтүүнү, андан соң алардын санын 34 миңге жеткирүүнү пландап жатат. Бул толук кандуу глобалдык интернет тармагын түзүүгө мүмкүндүк берип, Жер шарындагы каалаган аймакта кең тилкелүү интернет менен камсыздоону көздөйт. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 10 миллиард АКШ долларын түзөт.