SpaceX 2027-жылы орбитага коммерциялык жүк чыгара баштайт

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-03-04 at 09.15.08.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. АКШнын SpaceX компаниясы 2027-жылдын ортосуна чейин жаңы муундагы Starship ракетасын алгачкы жолу коммерциялык багытта учурууга даярдап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Starship жакшыртылган Starlink интернет-спутниктерин орбитага чыгаруу үчүн колдонулат. Учурда ракета сыноо баскычында. Компания буга чейин 11 тесттик учуруу өткөргөн. Акыркы учуруу ийгиликтүү өтүп, бир сааттан ашык убакытка созулган. Жакынкы 4-6 жуманын ичинде дагы бир сыноо жасоо пландалууда.

Starship толугу менен көп жолу пайдаланууга ылайыкталган ракета болуп саналат. Ал орбитага 250 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Компаниянын билдиришинче, бул ракета азыр колдонулуп жаткан Falcon ракеталарына караганда үнөмдүү болот.

Жаңы долбоор SpaceX компаниясынын Айга жана Марска учуу боюнча узак мөөнөттүү пландары үчүн маанилүү экени айтылууда.

Эксперттердин баамында, Starshipтин коммерциялык дебюту компаниянын келечектеги IPOсуна (акцияларды биржага чыгаруу) кызыккан инвесторлор үчүн да маанилүү этап болуп саналат.