ЖАМК жана РИИБ кызматкерлери алдамчылыкка шектелүүдө

Укук тартиби 3 февраль 2026 15:43
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.42.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.42.00 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.58 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-03 at 14.41.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Соттолгон адамды алдап, акчасын алган кызмат адамдары колго түштү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 түзөтүү мекемесинин кызматкери Ж.Д. жана Биринчи май РИИБинин кызматкери Т.Н. тарабынан акча алуу фактысын аныктады.

Алар алдын ала сүйлөшүп алып, 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин №1 түзөтүү мекемесиндеги соттолгон адамдын ишенимине кирип, ага кечирим берүү үчүн ири суммадагы акча алгандыгы аныкталган. Деген менен кийинчерээк соттолгондун кечирими четке кагылган.

Аталган фактынын негизинде "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ж.Д. жана Т.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.