Сооронбаев: Биздин башкы максатыбыз – жарандардын көңүлүн жүрөктүн саламаттыгына буруу

Ден соолук Загрузка... 24 Сентябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Жыл сайын 29-сентябрда бүткүл дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет. Бул дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен 1999-жылдан бери бүткүл дүйнөлүк Жүрөк федерациясы тарабынан демилгеленген. Ага 100дөн ашык өлкө кошулган. Анын негизги максаты - калктын жүрөк-кан тамыр оорулары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, жүрөк ооруларынын алдын алуу жана эрте аныктоо. Жүрөк-кан тамыр оорулары жыл сайын 18 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып, дүйнөдө өлүмдүн башкы себеби бойдон калууда.

Кыргызстанда да бул кырдаал олуттуу бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021- жылы бардык өлүмдөрдүн 52% дан ашыгы жүрөк оорулары менен байланышкан жана жалпысынан калктын 80% дан ашыгы жугуштуу эмес оорулардан каза болгон.

М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору жана профессор Талантбек Сооронбаевдин билдирүүсү боюнча борбор өлкөнүн кардиология жана ички оорулар жаатындагы башкы мекемеси катары маанилүү стратегиялык багыттарды камтыган "Ыкчам кардиология" программасын ишке ашырууда. Ошондой эле 2025-30-жылдар арасындагы “Саламат жүрөк” стратегиялык программасын иштеп чыккан.

“Биздин башкы максатыбыз - жарандардын, медицина кызматкерлеринин жана жалпы эле коомчулуктун көңүлүн жүрөктүн саламаттыгына буруу. Себеби, бул адамдын жашоосунда биринчи орунда турган орган болуп саналат. Ансыз жашоо мүмкүн эместиги жалпыбызга маалым. Эмне себептен бул күн дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет? Себеби, бул илдет менен ооругандардын саны абдан көп жана бул оорунун таралуусунун көрсөткүчтөрү жогору. Тилекке каршы, жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуунун көрсөткүчү да жогору. Ошондой эле жүрөк оорусу жылдан-жылга жашарууда. Азыркы учурда 20-30 жаштагылардын арасында дагы курч кармаган инфаркт миокардасы, жүрөктүн согуу ритминин бузулушу сыяктуу илдеттер кездешүүдө. Мунун айынан жаш эле адамдар майып болуп же керек десе каза болуп калышууда.

Кыргызстанда дагы бул көрсөткүчтөр жогору. 33 жылдан бери жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуунун көрсөткүчү 50%дан жогорку деңгээлде кармалып келет. Андан сырткары бул оорулар менен жабыркагандардын саны да абдан көп”-деди ал.

Мындан улам ар бир үй-бүлөгө жүрөк органына кам көрүү боюнча негизги маалыматтарды жеткирүү муктажыгы келип чыгып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана борбордун демилгеси менен ооруну эрте аныктоо жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

“Биздин борбордун адистери дүйнө жүзүндөгү алгачкы уникалдуу программалардын бири болгон алдын алуунун интеграцияланган модулун иштеп чыгышты. Атап айтканда алдын алуунун жаңы ыкмалары түзүлдү. Ал өзүнүн ден соолугуна кам көрүүнүн жана жүрөк ооруларынын алдын алуунун 8 параметрин камтыйт. Тамекини таштоо, туура тамактануу, активдүү кыймыл-аракет, салмакты, кан басымды, кандагы канттын деңгээлин, кандагы холестиринди текшерип туруу жагна уйкуну көзөмөлгө алуу деген көрсөткүчтөрдөн турат. Эгерде ар бир кыргызстандык жаран ушуларды билсе, ал жүрөк ооруларынын өзгөчө оор түрлөрүнүн, андан сырткары башка дагы оорулардын алдын алып инфаркт, инсульт сыяктуу татаал оорулардын оолак, узак өмүр сүрө алат.

Мунун алкагында мобилдик тиркеме да иштелип чыкты. Бул иштер Президеттин администрациясына караштуу Маалыматтык саясат бөлүмү, Санариптештирүү министрлигинин жана “Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталынын жана башка IT адистеринин жардамы менен ишке ашырылды. Аны ар бир жаран өз уюлдук телефонунан колдонуп, өзүндөгү ооруларды аныктап, башка дагы маалыматтарды ала алат”-деди директор.

Ошондой эле анын айтымында дагы бир стратегиялык жактан маанилүү багыттардын бири – ооруну эрте аныктоо болуп саналат.

“Биз Кыргызстанда жүрөк ооруларын жана башка жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоого багытталган заманбап, борборлоштурулган интеграцияланган моделин түзүп жатабыз. Бул модель ишке киргизилип, өлкөнүн 17 райондук ооруканасына жүрөк ооруларын эрте аныктоо боюнча эксперттик класстагы заманбап жабдуулар орнотулууда. Биз буларды флагмандык ооруканалар деп атадык. Акыркы үлгүдөгү, эксперттик класстагы эхокардиографтар коюлуп, буга ылайык 47 дарыгер аны үйрөнүп, учурда колдонууда. Алар аталган аппараттар менен ооруну аныктап, бейтаптарды дарылай алышат.

Атап айтканда, мурда борбордо гана колдонулуп келген медициналык технологиялар эми алыскы аймактарга да жеткирилүүдө. Бул болсо бейтаптарга өз жеринде туруп эле дарыгерлердин кызматын алып, борборго убара болуп барбай дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Муну менен миңдеген адамдар өз аймагында жүрөк оорусун эрте аныктап, өзүлөрүн бул оорудан сактап, майып болуп калуу тобокелчилигинин алдын алышат. Ал эми ооругандар айыгып кете алышат.

Бул модулдун дагы бир уникалдуулугу аны санариптештирилгендигинде. Мисалы, райондук ооруканадагы кайсы бир дарыгер бейтаптын жүрөгүнө диагноз коюуда арсар болуп жатса, аны аралыктан борбордогу адистерге жиберип ооруну бирге аныктай алышат. Мындай жол менен бейтапка так диагноз коюлуп, бир жагынан дарыгерлер үчүн аралыктан окутуу сыяктуу болот”,-деди ал.

Андан сырткары, Сооронбаевдин айтымында облустук ооруканалар дагы күчтөндүрүлүүдө.

“Ар бир облуста жогорку технологиялык кардиологиялык борбор түзүлүүдө. Учурда алар заманбап жабдуулар менен камсыздалууда. 2023-жылга чейин өлкөдө инфракт миокарда оорусуна коронарография кыла турган жана акысыз түрдө стенд коё турган 15 кардиологиялык борбор ишке кирет.

Маалым болгондой, Бишкектеги, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы борборлордо “Курч инфаркт 24/7” программасы аркылуу бейтаптарга акысыз стенд коюлуп келет. Ошондой эле бул Борбор Азиядагы мындай негиздеги алгачкы программа болуп саналат. Мындай борборлор алдыда Талас, Нарын облустарында жана Балыкчы шаарында ачылуу алдында турат.

М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында биз жогорку технологиялар ооруканасынын моделин же улуттук эксперттик борборун түзүп жатабыз. Учурда даярдык иштери жүрүүдө. Бул борбордун ишке кирүүсү менен бейтаптар жүрөк ооруларын дарылоо үчүн чет өлкөлөргө барууга мажбур болбой калышат. Ошондой эле, дарылануу акысыз же болушунча арзан болот. Бул долбоор Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүндө, дал ушул мамлекеттик мекемелерде жеткиликтүү жана сапатуу медициналык жардамды ала алышы керек деген максатты көздөйт”- деп кошумчалады ал.