Сомалиде селден улам 874 миң адам жер которушу мүмкүн

Дүйнө
Сомалиде селден улам 874 миң адам жер которушу мүмкүн

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Сомалиде нөшөрлүү жаан-чачындан улам жакынкы үч айда 874 миңге жакын адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

БУУнун Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) маалыматына караганда, Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшүнөн улам жаан-чачын нормадан ашып, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө.

Доллоу шаарында Жубба дарыясындагы суунун деңгээли кооптуу чекке жетүүгө жакындады. Джоухар шаарында Уэби-Шабелле дарыясы ташып, суусу жээктерине чейин көтөрүлдү. Ал эми Байдоа шаарында нөшөрлүү жаандан улам үйлөр жабыркап, айрым тургундар коопсуз жайларга көчүүгө аргасыз болушту. Белет-Вейне жана Галькайо шаарларында болсо 310 миңден ашык адам суу ташкынынан улам үй-жайын таштап кетүү коркунучунда турат.

Суу ташкындары үйлөрдү жана эгиндерди жок кылып, ичүүчү суунун булганышына, медициналык жардамга жетүүнүн кыйындашына алып келиши мүмкүн. Өзгөчө кургакчылыктан жана буга чейинки жер которуулардан жабыркаган калк кооптуу абалда калууда.

МОМдун маалыматына ылайык, кырсыкка даярдык көрүү үчүн зарыл болгон 16,62 миллион доллардын 14,4 пайызы гана каржыланган. Каражат суу каптоо коркунучу бар аймактардагы 517 миңден ашык адамга жардам көрсөтүүгө багытталган.

Уюм эл аралык коомчулукту кырсыктын кесепеттерин азайтуу үчүн шашылыш жардам берүүгө чакырды.