Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Сокулук районунун аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз легалдаштыруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Кожомкул айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз легалдаштырууга каршы жүрүп жаткан күрөштүн алкагында алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишиндеги маалыматтарга ылайык 1991-жылы туулган А.у.О кармалды.
Кармалган жаран Кожомкул айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон "ВОССТ-2" №295 контурундагы 6,75 га жана 1,35 га, жалпы 8,1га аянтты түзгөн жер тилкелерин, 4 сотуктан бөлүп, элдерге сатып жиберген. Ошондой эле сатуу учурунда тиешелүү инфраструктураны куруп берүүгө жана бул жер тилкелерин мыйзамдаштырууну убадалаган.
Ошону менен бирге, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер маселелери боюнча комиссиясы тарабынан мыйзам чегинде "гектарщиктерге" — социалдык, маданий-тиричилик объектилери үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү зарылчылыгы боюнча тапшырма коюлган.
Бирок, А.у.О. өзүнө жеке киреше алуу максатын көздөп, социалдык, маданий-тиричилик объектилери үчүн жер тилкелерин ажыратып берүүнү жасалма негизде кечеңдетип жүргөн.
Ал сатып алуучулардын ишенимине кирип, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбастан, жер тилкелерин сатууну алдоо жолдору менен ишке ашырган. Бул көрүнүш түздөн-түз Сокулук районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жер реформасынын айланасындагы абалды туруксуздаштырууга алып келген.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле алдамчылык иштерин жана ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруп, жарандардын нааразычылыгынан улам өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына жетүүгө аракет кылган башка адамдарды, анын ичинде "гектарщиктер" делген топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат.