Сокулукта күйүүчү майды үйүндө мыйзамсыз саткан жаран жоопко тартылды

Укук тартиби Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Сокулукта күйүүчү майды үйүндө мыйзамсыз сактап, сатып жүргөн жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июлда Сокулук милициясына Салык инспекциясынын өкүлдөрү рейд учурунда Кожомкул айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 45 жаштагы жаран мыйзамсыз күйүүчү майды сактап, сатып жүргөнүн жана 950 литр күйүүчү май табылганын билдиришкен.

Аталган факты каттого алынып, "Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуга карата башка жакка кетпөө тил каты менен баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда кылмыш иши соттук кароого жиберилди.