Сокулукта 3,8 млн сомдук малды карызга алып, качып жүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби
Сокулукта 3,8 млн сомдук малды карызга алып, качып жүргөн шектүү кармалды
copyright icon Чүй облустук милициясы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Сокулук райондук милициясына Р. А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун арызында үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы анын баасы 3 853 000 сомду түзгөн төмөнкү мал жандыктарын карызга алып кеткени айтылган:

  • 39 баш кой;
  • "Арашан" тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
  • 5 жаштагы 1 карагер айгыр.

Мындан соң шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, уюлдук телефонун өчүрүп, изин жашырып жүргөн. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан шектүү катары 1984-жылы туулган Ж. Н. аныкталып, кармалды. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

"Эгерде сүрөттөгү же аталган жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну суранабыз: 0313 45 33 80 же Сокулук РИИБге кайрылыңыздар", — деп айтылат маалыматта.