Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Укук тартиби Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-10-13 at 09.25.56.jpeg
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда Сокулук райондук милициясына Совхоз-Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринен 71 жаштагы адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда анын денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза тапкан жаран үйүндө айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отурганда чыр чыкканы, 72 жаштагы Н.Э. аттуу адам айылдашынын денесине залал келтирип, кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнү кармалган.

Бүгүнкү күндө тергөө иши соттук кароого жөнөтүлдү.