Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект пайдаланууга берилип, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, 2021–2026-жылдары райондо төрт мектеп, төрт бала бакча, эки маданият үйү, аэропорт, үч спорт объектиси, беш фельдшердик-акушердик пункт, эки айылдык китепкана жана төрт административдик имаратты камтыган 33 объект пайдаланууга берилип, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.