Сүлүктү шаарында жаштар үчүн маданий борбор ачылды

Аймак 21 Ноябрь 2025 12:36
586622755_1382195873273864_1496042492000092433_n.jpg
586327540_1382195866607198_6007957894228583414_n.jpg
581062467_1382195939940524_4592061281692352099_n.jpg
584032691_1382195916607193_845418712490010967_n.jpg
584883108_1382196123273839_2346391238704298397_n.jpg
586326418_1382196093273842_6571450513124340181_n.jpg
586333952_1382195906607194_3588639109518673530_n.jpg
587741534_1382195893273862_1680392758461185545_n.jpg
588071319_1382195996607185_5715449502902123049_n.jpg
588120768_1382195983273853_2162779377866942342_n.jpg
588310792_1382195929940525_2726677300621319429_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Сүлүктү шаарында жаштарды маданий жактан өнүктүрүү, тийиштүү шарттарды түзүү жана колдоо максатында маданий борбор ачылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маданий борборго Билим берүүнүн мыктысы, маданиятка эмгек сиңирген кызматкер Увадат Сабурованын ысымы ыйгарылды.

Курулушка 2023-жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык
бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 50 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом бөлүнгөн.

Учурда жаңы имаратка шаардык тарых музей, борборлоштурулган китепкана, балдар китепканасы жана шаардык балдар искусство мектептери
жайгаштырылды.

Маданият министрлиги тарабынан оргтехника, элдик аспаптар, эмеректер алып берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен улуттук кийимдер алынды.

Ачылыш аземине президенттин өкүлү Айбек Шаменов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Сүлүктү шаарынын мэри баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышты.