Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Сүлүктү шаарын бутуна тургузабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Сүлүктү шаарына барган учурда билдиргенин, Region телеканалы маалымдады.
Анда УКМК төрагасы шаардын азыркы абалына токтолуп, мындан ары ал өнүктүрүлүп, тартип орной тургандыгын белгиледи.
“Шаар азыр кыйналып турган убагы. Бирок, биз аны бутуна тургузабыз. Биринчи кезекте тартипке келтиребиз. Бир кезде башаламандык күчөп, элдин мал-мүлкүн талап-тоногон убактар болгон. Себеби, Сүлүктү - көмүрдүн кени. Бул шаарда бир мамлекетти бага турган көмүрдүн запасы бар. Ошол байлыкты каалагандай төгүп-чачып, өзүнө жумшап, уурдап тоноолор болгонун билесиздер. Биз эми анын баарын өз ордуна коюп, мыйзамдын чегинде тартипке келтиребиз”,-деди Камчыбек Ташиев.