Сөөк сындыруу мелдешине 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 16:20
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында сөөк сындыруу боюнча мелдеш өтүүдө. Ага 7 өлкөдөн спортчулар катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын сөөк сындыруу боюнча башкы машыктыруучусу Абдыбек Абсатар уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Россия, Грузия, Улуу Британия жана Пакистандын өкүлдөрү катышууда.

“Азыр биринчи айлампа өттү. Толук жыйынтык чыга элек, экинчи айлампа болот. Учурда алдыңкы орундарда Монголия менен Россия келе жатат. Биринчи айлампада бул эки өлкөнүн спортчулары 15тен сөөк сындырышты. Беш катышуучунун ар бири үчтөн сөөк сындырды.
Казакстан азырынча үчүнчү орунда. Алар болжол менен 5-6 сөөк сындырышты. Кыргызстандан катышкан спортчулар 15 сөөктүн ичинен бирөөнү сындырды. Калган өлкөлөрдүн өкүлдөрү биринчи айлампада сөөк сындыра алышкан жок”, — деди ал.

Анын маалыматына караганда, мелдешке Россиядан 5 спортчу жана 1 машыктыруучу, Кыргызстан, Монголия жана Казакстандан 5тен спортчу, Улуу Британиядан 1, Грузиядан 4 спортчу катышууда.

Ал эми Пакистандын өкүлдөрү техникалык себептерден улам мелдештен четтетилген.

Мелдештин жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү экинчи айлампа аяктагандан кийин белгилүү болот.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.