Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Сирия жаңы валютаны жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Сириянын Борбордук банкынын төрагасы Абдулкадир аль-Хасрия жаңы Сирия валютасын чыгарылганын айткан.
Социалдык тармактагы билдирүүсүндө Борбордук банктын башчысы жаңы валютаны киргизүү боюнча жарлыгы чыкканын жарыялады.
Хасрия белгилегендей, жаңы валютанын киргизилиши өлкөдө маанилүү улуттук окуялардын бири болуп, жаңы экономикалык жана акча-кредит мезгилинин башталышын чагылдырат.
Ошондой эле ал бул чечим финансылык көз карандысыздыкка, туруктуулукка жана экономикалык калыбына келүүгө карай бекем кадам болорун кошумчалаган.