Синдзо Абэни өлтүргөн жаран өмүр боюна эркинен ажыратылды

Дүйнө Загрузка... 21 Январь 2026 15:27
1819883483_0_154_31.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Нара шаардык округдук соту Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн Тэцуя Ямагамини өмүр боюна эркинен ажыратты. Бул тууралуу Киодо агенттигине таянып, РИА Новости билдирди.

Жактоочу тарап айыпталуучуну 20 жылга чейин гана эркинен ажыратууну суранган. Алар киши өлтүрүүнүн кыйыр себеби катары Ямагаминин оор балалыгын аташкан. Анын айтымында, айыпталуучунун үй-бүлөсү "Биригүү чиркөөсү" аттуу диний уюмдун айынан жапа чеккен, ал эми Абэ бул уюм менен байланышы бар деп айтылып келген.

Айыптоочу тарап бул жүйөлөрдү негизсиз деп четке кагып, кылмышкер кылмыш жасаган учурда 41 жашта болгонун, демек, кырдаалга туура баа бере алмак экенин белгилеген.

Синдзо Абэ 2024-жылдын 8-июлунда Нарада шайлоо алдындагы митингде сүйлөп жаткан учурда окко учкан. Аны өлтүргөн Тэцуя Ямагами колго жасалган курал менен мурдагы премьердин аркасынан эки жолу ок чыгарган. Экинчи ок анын мойнуна жана көкүрөгүнө тийип, өмүрүнө коркунуч келтирген. Абэ көп кан жоготуудан улам каза болгон.

Кылмышкер өз жоругун Абэнин "Биригүү чиркөөсү" менен болгон болжолдуу байланышы менен түшүндүргөн. Ямагаминин апасы аталган уюмга 100 млн иен (болжол менен 740 миң доллар) кайрымдуулук катары берип жиберген, бул үй-бүлөнүн банкрот болушуна, бузулушуна жана балдардын жашоо каражатысыз калышына алып келген.