Бишкек, 21.01.26 /Кабар/. Австралиянын бийлиги Сидней шаарынын жээгинде жайгашкан 20 пляжды убактылуу жабууга аргасыз болду. Буга акыркы күндөрү акулалар серферлерге кол салган бир нече учур себеп болгонун Известия кабарлады.
Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү жарандарды этият болууга чакырып, сууга түшүүгө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү кызматтар акула чабуулдарынан кийин коопсуздук максатында 20 пляж убактылуу жабылды”,-деп билдиришти.
Эске салсак, 18-январда Сидней булуңунда 12 жаштагы бала акуланын кол салуусунан оор жаракат алган. Окуя Шарк-Бич пляжында, сууга түшүүчүлөрдү коргоо үчүн орнотулган тордон тышкары аймакта болгон. Жабырлануучуга окуя болгон жерде алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кийин ооруканага жеткирилген.
Учурда адистер жээктеги коопсуздук чараларын күчөтүп, кырдаалга көз салууну улантууда.