Сибирде кеминде 4 миң жылдык аска сүрөтү табылды

Дүйнө Загрузка... 16 Июнь 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-06-16 at 08.46.07 (1).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Сибирде кеминде 4 миң жылдык аска сүрөтү табылды. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Хакасиянын археологдору Окунев маданиятынан (б.з.ч. 3-2-миң жылдыктар) калган аска сүрөтүн табышты.

"Сибирдин археологиялык изилдөөлөрү" мекемесинин маалыматы боюнча, мындай сүрөттөр мурда аскаларда эч качан болгон эмес, бир гана көрүстөндөрдөн таштарында кездешчү.

Аска сүрөтүнүн алгачкы петроглифтери 2025-жылы табылган.

Окунев археологиялык маданияты болжол менен 4 миң жыл мурун Хакасия жана Красноярск крайынын түштүгүндө болгон. Окунев аска сүрөттөрүндө уй, бука жана бугулардын сүрөттөрү, ошондой эле мифтик жаныбарлар камтылган.