Шыкмаматов: Салык элдин ырыскысы, аны парламент аркылуу эл өзү бөлүштүрөт

Экономика Загрузка... 03 Апрель 2026 09:40
2671151.847a7c89546.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов алдыда 330 млрд сомдон 360 млрд сомго чейин салык чогултуу ишеними бар экенин “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Ал өз сөзүндө Салык кызматы салык чогултканы менен, топтолгон каражатты кайра эле эл өзү бөлүштүрөрүн белгиледи.

“Биз салык чогултабыз, бирок ал каражат бюджетке, казынага түшөт. Казынадагы акчаны эл өзү мектеп, оорукана салалы, пенсияны жана айлык акыны көтөрөлү деп бөлүштүрөт. Элдин бир жылдык ырыскысы Жогорку Кеңештеги өкүлдөр аркылуу адилеттүү түрдө талкууланып, чечилет. Анткени бюджетти парламент кабыл алат”, — деди Шыкмаматов.