Швейцарияда темир жол рельстеринин арасына күн панелдери орнотулду

Дүйнө Загрузка... 06 Июль 2026 08:55
WhatsApp Image 2026-07-06 at 05.54.25.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Швейцарияда темир жол рельстеринин арасына күн панелдери орнотулду. Поезддерди күн энергиясы менен камсыздоону көздөгөн бул долбоорду Sun-Ways компаниясы ишке ашырганын Казинформ кабарлайт.

Былтыр Бютт аймагындагы 100 метрлик жолго 48 панель коюлуп, алар бир жылда 16 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Алгачкы жыйынтыктар күтүлгөндөн жакшы болгондуктан, бийлик бул системаны туруктуу пайдаланууну караштырууда.

Панелдер түз жайгашкандыктан өндүрүмдүүлүк 10% төмөндөйт, ошондой эле чаң, өрт коопсуздугу жана күндүн чагылышы сыяктуу тоскоолдуктар бар. Бирок компания атайын тазалоочу щеткаларды жана жарыкты чагылдырбай турган бышык материалдарды колдонуу менен бул маселелерди чечүүдө.

Азыркы учурда Sun-Ways Италия жана Түштүк Корея менен келишим түзүп, Нидерланд, Кытай, Индия жана Сингапур менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.