Швейцарияда IV кылымдагы Рим көпүрөсү табылды

Дүйнө Загрузка... 08 Июнь 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-06-08 at 08.37.57.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Археологдор Золотурндун жанындагы Ааре дарыясынан IV кылымга таандык жыгач көпүрөнү табышты. Бул тууралуу Швейцариянын Золотурн аймагынын расмий сайтына шилтеме берип, Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, суу астындагы изилдөөлөр 2025-жылдын жазынан бери Ааре аркылуу жаңы темир жол өтмөгүн курууга даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп келет. Суучулдар Венги көпүрөсүнөн бир нече метр жогору жактан табылгаларды табышкан. Түштүк жээктен болжол менен он метр алыстыкта эки метр узундуктагы көпүрөнүн тирөөчүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн делген жыгачтар аныкталган. Жыгач үлгүлөрү лабораториялык анализге жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Көпүрө Италияны Рейн менен Чоң Сен-Бернар ашуусу аркылуу байланыштырган байыркы жолдун бир бөлүгү болгон.

Окумуштуулар жыгач конструкциялардын дээрлик 1700 жылдан кийин сакталып калышы сейрек кездешерин белгилешет.