Швейцарияда 3,5 миң жыл мурунку коло балта табылды

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-03-05 at 09.18.58.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Түндүк-батыш Швейцариянын аймагынан археологдор болжол менен 3500 жылдык тарыхы бар коло балта менен төөнөгүч табышты. Бул тууралуу Известия кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, балта оор салмагы, бүтүндүгү жана жогорку сапатта жасалгандыгы менен айырмаланат. Адистер аны бул аймактагы коло доорунун эң таасирдүү табылгаларынын бири деп баалашууда.

Бул жерден буга чейин 1858-жылы коло орок табылган. Бардык буюмдар орто коло дооруна - б.з.ч. болжол менен 1500-жылдарга таандык. Изилдөөчүлөр бул табылгалар байыркы казыналардан болушу мүмкүн деп эсептешет. Ал эми алар байыркы доорлордо тонолуп кеткен же убакыттын өтүшү менен чачырап кеткен болушу ыктымал.

Археологдордун айтымында, алардын арасында ондогон курал-жарак, шаймандар жана зер буюмдар болуп, казыналар жерге, аска жаракаларына же сууга атайылап жашырылган. Бул байыркы жамааттар үчүн ыйык мааниге ээ болгон деп божомолдонууда.

Жаңы табылган балта “Гренхен тибине” кирет. Бул аталыш 1856-жылы Гренхен шаарына жакын жерден ушуга окшош казына табылгандан кийин пайда болгон. Ал жерден төрт балта, төрт орок жана кылычтын сыныгы табылган.

Бург-им-Лайменталь айылы Франция менен чек арага жакын жайгашкандыктан, байыркы доордо стратегиялык мааниге ээ болгон. Бул аймак түшүмдүү жерлерди Рейн жана Рона өрөөндөрүнө алып баруучу жолдор менен байланыштырып турган.

Учурда табылган балта менен төөнөгүч Historical Museum Basel музейиндеги Schatzfunde (казыналар) көргөзмөсүндө коюлду. Экспозицияда Арисдорф аймагынан жакында табылган кельттердин алтын жана күмүш тыйындары да бар.