Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Швециянын мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлерине компьютерлеринде ChatGPT жана Claude жасалма интеллект платформаларын колдонууга тыюу салынды. Чектөө 26-октябрдан тартып күчүнө киргенин Euronews кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим купуя маалыматтардын иштетилишине жана алардын коопсуздугуна байланыштуу кооптонуулардан улам кабыл алынган.
Буга Швециянын Транспорт башкармалыгынын кызматкерлери жыл башында жасалма интеллект куралдарын колдонуусуна жүргүзүлгөн текшерүү себеп болгон. Аудиттин жыйынтыгында аталган платформалар кызматтык иштерде кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн экени аныкталган.
Атап айтканда, атайын маалыматтарды коргоо келишими жок платформаларга купуя маалыматтарды киргизүү алардын сакталып калышына же моделдерди мындан ары окутууда колдонулушуна алып келиши мүмкүн.
Швеция өкмөтүнүн кеңсесинин санариптештирүү боюнча директору Микаэль Веттеркранцтын айтымында, тиешелүү келишимдер менен жөнгө салынбаган жана корголбогон IT куралдарын колдонуу маалыматтык коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мындай шартта мамлекеттик кызматкерлерге коопсуздук талаптарына шайкештиги текшерилген Microsoft компаниясынын Copilot платформасын колдонуу сунушталды. Бул платформа америкалык компания менен Швеция өкмөтүнүн ортосундагы атайын келишимдин алкагында иштейт.
Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлерге жасалма интеллектти жумушта колдонууга толук тыюу салынган жок. ChatGPT жана Claude платформаларын мындан ары атайын чектелген сандагы кызматкерлер гана Швеция бийлиги түзгөн жасалма интеллект жардамчыларынын платформасы аркылуу колдоно алышат.
Ошондой эле аталган чектөөлөр өлкөнүн Салык башкармалыгына жана Жазаларды аткаруу боюнча улуттук башкармалыкка да киргизилген.
ChatGPT жана Claude платформалары буга чейин маалыматтык коопсуздукка байланыштуу тобокелдиктерден улам Швеция өкмөтү колдонууга уруксат бербеген DeepSeek жасалма интеллект куралынын катарына кошулду.