Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Шри-Ланканын бийлиги энергия ресурстарын үнөмдөө максатында убактылуу төрт күндүк жумуш жумасын киргизди. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, бул чечим Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу күйүүчү майдын тартыштыгы күчөгөндөн кийин кабыл алынган. Эми шаршемби күнү мектептер, университеттер жана айрым мамлекеттик мекемелер үчүн кошумча эс алуу күнү болот. Бирок ооруканалар, бажы кызматтары жана порттор кадимки тартипте иштей берет.
Өкмөт ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге мүмкүн болушунча аралыктан иштөөнү сунуштады. Бул күйүүчү майды үнөмдөөгө жардам берет деп эсептелүүдө.
Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү май сатып алууга чектөө киргизилди. Жеке унаалар үчүн — жумасына 15 литрге чейин, ал эми коомдук транспорт үчүн — 200 литрге чейин гана уруксат берилет.
Адистердин айтымында, Шри-Ланка мунайдын көп бөлүгүн Жакынкы Чыгыштан импорттойт. Учурда аймактагы чыңалуу жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү кыйындагандыктан, мунай жеткирүүдө көйгөйлөр жаралууда.