ШКУнун Дельфий оюндары: Бишкекте эл аралык конференция өттү

ШКУ Загрузка... 27 Март 2026 13:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Анда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Дельфий оюндары бул жөн гана чыгармачылык аянтча эмес, өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдеген, жалпы маданий мейкиндикти калыптандырган жана маданият менен билим берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө шарт түзгөн маанилүү гуманитардык курал.

"Конференциянын тематикасы заманбап өнүгүүнүн негизги багыттарын камтыйт. Биз жаш таланттарды колдоону өлкөбүздүн стратегиялык ресурсу катары, ошондой эле креативдүү индустрияны жана туризмди экономиканын жана маданий саясаттын кыймылдаткыч күчү катары талкуулап жатабыз", — деди мэр.

Кыргызстандын Дельфий комитетинин илимий-методикалык секторунун жетекчиси Ангелина Алишерова конференцияда талкууланган негизги багыттарды атады:

  • Дельфий оюндары ШКУ өлкөлөрүндө жаш таланттарды колдоонун, креативдүү индустрияны жана туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы;
  • Медиа-муун: өлкөлөр жана маданияттар ортосундагы санариптик көпүрөлөр. Жасалма интеллектти заманбап маданий долбоорлордун түзүмүнө киргизүү.
"Мындай конференциялардын башкы максаты Дельфий кыймылын илгерилетүү, жаш таланттарды колдоо жана алардын потенциалын ачып, бул багытты жаңы деңгээлге чыгаруу", — деди Алишерова.

Иш-чаранын алкагында төмөнкүдөй маанилүү документтерге кол коюлду:

  1. Грек-Россия соода палатасы менен Россиянын Улуттук Дельфий кеңешинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга;
  2. Эл аралык Дельфий комитети, ШКУнун Ишкер кеңешинин катчылыгы жана "ЧжунХэ санариптик Жибек Жолу" компаниясынын ортосунда ниеттер жөнүндө протоколго.

Бермет Жумабекова