ШКУнун Парламенттик ассамблеясы түзүлүшү мүмкүн

ШКУ Загрузка... 19 Июнь 2026 12:45
WhatsApp_Image_2026_qEiErU2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014-1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана саясат таануучулар менен жолукту. Талкуу аянтчасында КМШ, ЖККУ, ЕККУ, ЕБ жана башка уюмдардын алкагындагыдай эле ШКУнун Парламенттик ассамблеясын түзүү маселесин демилгелөө сунушу айтылды.

Иш-чарага катышкан юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиевдин "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, бул идея өлкөнүн төрагалык кылуу мезгилинде дал ушул Кыргызстан тарабынан көтөрүлүшү абдан маанилүү. Бул учурда Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун парламентаризм борборуна айланууга толук мүмкүнчүлүк алат.

2024-05-06_12-42-23_765733.width-800
"ШКУнун Парламенттик ассамблеясынын түзүлүшү ага мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө, моделдик мыйзамдарды иштеп чыгууга, ШКУ саммиттеринин чечимдеринин аткарылышына парламенттик мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты чыңдоого, улуттук укуктук системаларды жакындаштыруу аркылуу терроризм, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук жана киберкоркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана тарыхый жактан Борбор Азия мамлекеттери, Россия, Кытай жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда байланыштыруучу звено болуп саналат. Ассамблеянын штаб-квартирасынын Бишкекте жайгашуусу ШКУнун ири мамлекеттеринин ортосундагы географиялык балансты камсыз кылат.

"Марлен Маматалиев айтылган сунушту абдан кунт коюп угуп, жакын арада бул демилгени Кыргызстандын президентине сунуштоону, ошондой эле ШКУ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн парламенттерин өкүлдөрү менен талкуулоону убада кылды", - деди ал.