Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында ачылган "Ala-Too Trade & Industry Expo 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке өзү катышты. Ал анда ишканалардын жетекчилери жана көргөзмөнүн катышуучулары менен баарлашып, өзгөчө көңүл өнөр жай, машина куруу, энергетика, курулуш, транспорт жана жогорку технологиялар тармактарындагы келечектүү долбоорлорго бурулду.
Белгилей кетсек, учурда ШКУга мүчө мамлекеттердин көргөзмөсү расмий ачылды. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Кытай өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун өндүрүүчү компаниялары катышууда.
Анда ошондой эле бул эл аралык көргөзмө В2В жана В2G платформаларында өтүп, өндүрүүчү, жеткирүүчү жана сатып алуучулар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул көргөзмө 6-июнга чейин уланат.