Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын катышуучулары 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселелерин карап чыгышты.
Мамлекеттик комиссия өз ишинин жүрүшүндө жаңжалдын кесепеттерин жоюуга, жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө, ошондой эле турак жайларды, социалдык объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө багытталган 172 тапшырманы аткарды.
Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга турак жайга байланыштуу маселелерди толук чечүүнү, ар бир учурду жекече карап чыгууну жана кечиктирүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.
Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алынган чечимдерди белгиленген мөөнөттө толук ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.