Бишкек, 21.11.26 /Кабар/. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!
Акыркы 5 жылдын ичинде экономикада, социалдык чөйрөдө, мамлекеттин саясий турмушунда абдан олуттуу өзгөрүүлөр болду. Экономикада өндүрүштүк жана финансылык тартип чыңдалып, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды ооздуктоого натыйжалуу аракеттер болуп, комүскө экономика менен легалдуу экономиканын үлүштөрү легалдуу жакка кескин өзгөрдү. Натыйжада мамлекеттин бюджетине каражаттар толуп, бюджет чөйрөсүндө иштегендерге эмгек акыны, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды көбөйтүүгө шарт түзүлдү.
Ушул өзгөрүүлөргө укук коргоо органдары, анын ичинде прокуратура органдары орчундуу салым кошушту. Көп жылдардан бери чечилбей келген маселелерди чечүүгө, коомубуздун коопсуздугуна доо кетирген коррупция илдетине каршы күрөштө прокуратура органдары авангард болуп, адилеттүүлүк үчүн күрөштү ырааттуу жүргүзүп келишет.
Ушул жылдары миңдеген жарандардын иштери кылдат текшерилип, күнөөсү бар же жоктугу тыкыр такталып, элдин бийликке, мыйзамдарга болгон ишеними чыңдалышынын себепкери болду. Ошону менен бирге прокуратуранын көзөмөлдөөсү менен мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алгандар миллиарддаган сом каражатты кайра кайтарып беришти.
Прокуратура органдары замандын талабына жараша биринчиден, бардык иштерди укуктук жана демократиялык коомдун нугунда мыйзамдуулук менен алып барып, экинчиден, технократиялык доордун урааны болгон санариптештирүүнү өздөштүрүүгө милдеттүү экенин эске алуу менен аракеттенүүдө.
Акыркы жылдары укук коргоо, сот анын ичинде прокуратура органдарына болгон мамиле түп тамырынан өзгөрдү. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоодон улам, прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы бекемделип, кызматкерлердин социалдык шарттары жакшыртылды. Прокуратура органдары, аларгажүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткаруу үчүн бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыз болушу керек.
Республикабыздын аймактарында прокуратура органдарынын жаңы административдик имараттары, кызматтык батирлеры курулуп, материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртууга олуттуу каражаттар жумшалып жатат.
Ошондой эле, прокуратура кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо боюнча да чаралар көрүлүп жатат. Айлык акылары жогорулатылып, убактылуу турак жайды жалдагандыгы, ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялар төлөнүп, жеңилдетилген ипотекалык шарттар менен берилүүчү батирлер бөлүнүп берилүүдө.
Сиздер алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан да ыкчам жана сапаттуу аткарып, прокуратура органдарынын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен жогорку ишенимди актайт деп ишенем.
Урматтуу прокурорлор жана прокуратура органдарынын ардагерлери! Сиздерге чың ден-соолук, бак-таалай жана элдин кызыкчылыгына жана Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө багытталган жооптуу ишиңерге ийгилик каалайм.
Майрамыңыздар менен!”.