Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча региондук директору Наджи Бенхассин жана Азия өнүктүрүү банкынын Борбор жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Йонг Йе менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар андан аркы кызматташтыктын келечегин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоону талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын белгилеп, эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда. ИДПнын реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпи 10,2 пайызды түздү. Оң динамика үстүбүздөгү жылы да сакталууда. 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 10,5 пайызга жетти, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62,9 пайызга өстү", — деп белгиледи минкаб башчысы.
Ал үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылга стратегиялык милдеттерди аныктаганын эске салды.
"Министрлер кабинети учурда Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш алып барууда. Бул инвестицияларды тартууну, тутумдук өзгөртүүлөрдү улантууну жана эл аралык каржы институттары менен кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү талап кылат", — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын өнүгүү боюнча эң ири эл аралык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Мында каржылык колдоо гана эмес, экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү менен байланышкан реформаларды ишке ашырууда эксперттик, техникалык жана институционалдык көмөк көрсөтүү да өзгөчө мааниге ээ.
Өз кезегинде бул эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү белгиленген реформаларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.