ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Чек арачылардын даярдыгы текшерилди

Коом 27 август 2026 15:50
1.jpeg
6.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
3.jpeg
2.jpeg
7.jpeg
Алдыга
Артка
1.jpeg
6.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
3.jpeg
2.jpeg
7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев "Манас" эл аралык аэропортунда жана бир катар өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн өздүк курамдын даярдыгын текшерди.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө чек ара нөөмөттөрүнүн кызматын уюштуруу, өткөрүү пункттарында чек ара контролун жүргүзүү, кызматтык тартиптин абалы, ошондой эле өздүк курамдын алдыдагы ири эл аралык иш-чараларга даярдыгы каралды.

"Алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында коопсуздукту камсыз кылууга, чек ара контролун сапаттуу жана ыкчам уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Чек ара ведомствосунун башчысы өздүк курамга кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу, жарандарды чек арадан өткөрүүдө контролдун сапатын жана ыкчамдыгын камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик чек аранын коопсуздугун ишенимдүү камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду",-деп айтылат билдирүүдө.