Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Бүгүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2021–2022-жылдары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда Мекендин чек арасын коргоп, аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматчылары эскерилди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Эскерүү иш-чарасына Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, аскер кызматчылары жана чек ара кызматынын ардагерлери катышты.
Иш-чара эстеликке гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу менен башталды. Аза күтүү маршынын коштоосунда чогулгандар мамлекеттик чек араны жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоодо өмүрүн берген жоокерлердин жаркын элесин эскеришти.
Курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Улуттук гвардиянын салюттук тобу үч ирет асманга ок атты.
Андан соң эскерүү митинги өттү.
Иш-чара "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин музейине баруу менен жыйынтыкталды.