Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамына жаңы төрага Данияр Сатимовду тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө минкаб башчысы ведомствонун алдыдагы мезгилге карата ишинин негизги багыттарын белгилеп, башкы артыкчылыктардын катарында мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууну бөлүп көрсөттү.
Соңунда Адылбек Касымалиев Данияр Сатимовго жана чек ара ведомствосунун бардык өздүк курамына мамлекеттик милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.