Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында өтө турган ири эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Кыргызстандын ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипке өтөт.
Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, жарандардын, расмий делегациялардын, эл аралык иш-чараларга катышуучулардын жана коноктордун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылат.
Милиция кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү объектилерде, расмий делегациялар жүрүүчү маршруттарда, жарандар көп топтолгон жерлерде, борбордук көчөлөрдө жана аянттарда, ошондой эле өзгөчө көзөмөлдү талап кылган башка аймактарда кызмат өтөшөт.
"Өзгөчө көңүл коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, укук бузуулардын алдын алууга жана бөгөт коюуга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле мүмкүн болуучу окуяларга ыкчам чара көрүүгө бурулат. Алдыдагы эл аралык иш-чараларга даярдыктын алкагында бир катар уюштуруу жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жеке курамга кошумча нускамалар өткөрүлүп, күч жана каражаттарды жайгаштыруу такталууда.
Ошондой эле ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер иштелип чыгууда. Иш-чараларга тартылган бардык кызматтар жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо максатында өз убагында чара көрүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.
Коопсуздукту камсыздоо максатында көрүлүп жаткан күчөтүлгөн чараларга, транспорт кыймылына киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө жана көнүмүш каттамдардын өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылуу сунушталат.
"Коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, жүрүү маршруттарыңызды алдын ала пландаштырууга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат менен мамиле кылууга чакырабыз. Шектүү буюмдарды, адамдарды байкаган учурда же өзгөчө кырдаал жаралса, дароо күнү-түнү иштеген "102" кыска номерине кабарлоону өтүнөбүз",-деп белгилешти мекемеден.