ШКУ саммити Кыргызстандын төрагалыгынын маанилүү этабы – Лавров

ШКУ Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 17:00
2000113252_0_21_307.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана ШКУ плюс форматындагы жолугушуу Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыктоочу жана маанилүү этабы болоруна ишеним билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөн жолугушууда билдирди.

"Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны жана ШКУ плюс форматындагы жолугушуу Кыргызстандын төрагалыгынын эң жогорку чекити болоруна эч кандай шегим жок. Бул уюмдун өнүгүүсүндө жаңы этапты ачып, ШКУ алдында турган милдеттерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибизге жаңы дем берет", – деди Лавров.

Россиянын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал ШКУнун расмий жана жумушчу тилдеринин катарына англис тилин киргизүү боюнча кабыл алынган чечимдин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бул чечим уюмду мындан ары кеңейтүүдө жана анын эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле көптөгөн кесиптештерибиздин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Албетте, бул чечимдин каржылык жагын дагы аныктоо керек, бирок керектүү чечимдерди табарыбызга ишенем", – деп баса белгиледи Сергей Лавров.