Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Геосаясий туруксуздук шартында жаңы каттамдарды жана мультимодалдык логистиканы өнүктүрүү, анын ичинде заманбап логистикалык хабдарды түзүү, санариптик мамилелерди жана жасалма интеллект элементтерин киргизүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форумунда Казакстандын транспорт вице-министри Максат Калиакпаров баяндамасында билдирди.
Ал өз сөзүндө, транспорт тармагында келечектүү багыттардын бири катары Каракорум шоссесин жандандырууну атап, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Пакистан биргелешип Пакистандын деңиз портторуна чейин автомобиль ташууларын пилоттук түрдө ишке киргизүүнү карап жатышкандыгын маалымдады.
“Бул долбоор Араб деңизинин портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк берип, биздин өндүрүшчүлөр жана жүк ташуучулар үчүн кошумча жолдорду түзөт. Коридорлордун туруктуулугу ташууларды коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылуусуз, макулдашылган жөнгө салуучу ыкмаларсыз жана бардык катышуучулар үчүн жеткиликтүүлүктүн ачык-айкын шарттарын түзүүсүз мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, мындай эл аралык аянтчаларда аракеттерди координациялоо маанилүү. Бүгүнкү форум аймактагы транспорт тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) төрт мамлекети менен чектешебиз, ошол эле учурда Казакстан аркылуу өткөн транзиттик жүк агымынын 90 %ы ШКУ өлкөлөрүнө туура келет.
Казакстандын товарларынын негизги рыногу да ШКУга мүчө өлкөлөр болуп саналат. 2025-жылы экспорттун 75%ы ушул өлкөлөргө багытталган. Бул фактыларды эске алуу менен Казакстан транспорт секторунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда ШКУнун алкагындагы кызматташууга өзгөчө маани берет. Биздин аймак экономикалык кызыкчылыктардын кесилишинде жайгашып, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирүүчү көпүрө болуп саналат. Биз бул потенциалды биргелешкен аракеттердин негизинде гана ача алабыз”,- деп белгиледи Калиакпаров.
Ал ошондой эле Казакстанда өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп, инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатканын белгиледи.
“Биз өлкөбүздүн транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруп жатабыз. Акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Өзүбүздүн логистикалык чечимдерибизди сунуштаганда, алар башка мамлекеттер тарабынан кабыл алынган чаралар менен сөзсүз түрдө координацияланышы керек.
Күн тартибиндеги маселелерге токтолсок, ШКУ мамлекеттери демилгелеген бир катар жаңы документтердин долбоорлору каралды. Алар негизинен санариптик чечимдерди киргизүүгө жана өлкөлөр ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого багытталган. Сунушталган чаралар аймактагы ташуулардын натыйжалуулугун, ачыктыгын жана коопсуздугун жогорулатуунун ачкычы экенине ишенебиз”,- деди ал.
Белгилей кетсек, Калиакпаров ШКУ мейкиндигиндеги портторго жана логистикалык борборлорго колдоо көрсөтүү керек экендигин маалымдады. Ал бул максатта 2025-жылдын 18-19-декабрында Казакстандын Актау шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин портторунун жана логистикалык борборлорунун жетекчилеринин биринчи жолугушуусу өткөндүгүн эске салды.