Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары менен контент алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жана кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. Бул тууралуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Улан Сатиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Улуттук телерадиоберүү корпорациясында бул багытта ШКУга мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда медиафорум өтүүдө.
“Бул иш-чара биз үчүн чоң жоопкерчилик. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек. Форумда маалымат алмашуу, киберкоопсуздук, маалымат коопсуздугу, ошондой эле жасалма интеллект, контент алмашуу боюнча пикир алмашуулар болду”, - деди Улан Сатиев.
Ал белгилегендей, форумдун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары менен кызматташтыкты күчөтүү боюнча бир катар багыттарда иштерди алып баруу маанилүү.
“Биз сөзсүз түрдө ШКУга мүчө мамлекеттердин маалымдоо каражаттары менен кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек. Анын ичинде баса белгилей кетчү нерсе, биз азыр Кытайдын CMG медиа корпорациясы менен кызматташтыкты жогорку деңгээлде жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.
Сатиевдин айтымында, кыргыз тараптын бир катар даректүү тасмалары буга чейин кытай аудиториясына көрсөтүлгөн.
“Бул жерде презентацияда көрсөтүлгөндөй, биздин 3 даректүү тасмабыз кытай аудиториясына көрсөтүлдү. Андан тышкары, мөңгүлөр, ак илбирс, тоолор тууралуу даректүү тасмаларыбыз алдыда кытай көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт. Бул багытта мүмкүнчүлүктү биз колдон чыгарбашыбыз керек”, - деди Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары менен контент алмашуу жана кызматкерлер арасында тажрыйба бөлүшүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгиледи.
“Кызматташтыктын алкагында контент жана кызматкерлер арасында тажрыйба алмашуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Корпорациянын техникалык базасын жаңылоо багытында да CMG медиа корпорациясынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөр болду. Мындан ары да биз бул тармакта терең кызматташуу менен иш алып барышыбыз керек”, - деди Сатиев.
Эскерте кетсек, бүгүн УТРКда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн “Улуу максаттарды көздөгөн шайкеш көз караштар – өнүгүүнүн жаңы жолу” гуманитардык алакалар форуму өттү.