ШКУ кинофестивалы: "Ладога периштелери" драмасы көрүүчүлөрдү таасирлентти

ШКУ Загрузка... 17 Июль 2026 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын экинчи күнүндөгү эң таасирдүү окуялардын бири россиялык "Ладога периштелери" аскердик драмасынын көрсөтүлүшү болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, режиссёр Александр Котт тарткан тасма чыныгы окуяларга негизделген. Анда Ленинград блокадасы маалында Ладога көлүнүн музу аркылуу азык-түлүк ташып, балдарды эвакуациялап жана кооптуу тапшырмаларды аткарган буер спортчуларынын көпчүлүккө белгисиз эрдиги баяндалат.

Сценарист Михаил Зубко тасманын сюжети архивдик документтерге жана Ленинградды коргоо жана блокада музейинин кызматкери Карим Николиновдун катышуусунда чогултулган эскерүүлөргө негизделгенин айтты.

"Биз Ладога аркылуу жүк ташып, адамдарды эвакуациялаган буерчилер тууралуу материалдарды таптык. Бирок бизди эң көп таасирленткени — башкы каармандын прототиби болгон балдар үйүнүн тарбиячысынын окуясы болду. Ал эвакуация учурунда күн сайын ар бир баланын абалын — дене табын, салмагын жана канча убакыт уктаганын журналга жазып турган. Дал ушундай жөнөкөй, бирок адамгерчиликти чагылдырган учурлар тасманын негизин түздү", — деди сценарист.

"Ладога периштелери" фестивалдын сынак программасында эң көп талкууланган тасмалардын бири болду. Тасма Ленинград блокадасынын тарыхындагы баатырдык окуяны гана баяндабастан, эң оор мезгилде да боорукерлик, өз ара жардамдашуу жана адамга болгон ишеним эң чоң күч экенин эске салат.

Эске салсак, 16-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында жана уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөн.