Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун форумунда “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медер Шерметалиев сөз сүйлөп, маалыматтык жана гуманитардык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылып жатканын белгилеп, бул өлкө үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик экенин айтты.
“Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы – уюмдун негизги баалуулуктарын жаңы дем менен өнүктүрүүгө берилген тарыхый мүмкүнчүлүк. Бишкекте 26 мамлекеттен келген 200гө жакын өкүлдүн бир аянтчага чогулушу өлкөлөрүбүздүн маалыматтык, аналитикалык жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон ишениминин ачык далили.
Бүгүнкү форум жаңы идеялардын жаралышына, стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишине жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү диалог аянтчасы болот.
Санариптик технологиялардын өнүгүшү маалымат алмашууну жеңилдеткени менен, жалган маалымат, маалыматтык манипуляция, киберкоопсуздук сыяктуу жаңы чакырыктарды жаратууда. Мындай шартта жоопкерчиликтүү журналистика, кесипкөй аналитика жана фактыларга негизделген маалымат саясаты мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүү фактору болуп калды", – деп белгиледи ал.
Жетекчи ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык транспорттук жана экономикалык байланыштар менен гана чектелбестен, интеллектуалдык, маалыматтык жана гуманитардык багыттарда да өнүгүшү керектигин айтты.
“Аналитикалык борборлордун ортосундагы туруктуу диалогду күчөтүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаш эксперттерди даярдоо жана медиа өкүлдөрдүн тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү бүгүн өзгөчө маанилүү.
Кыргызстан анын ичинде “Кабар” маалымат агенттиги ШКУ алкагында маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр. Биз маалымат мейкиндигинде өз ара ишенимди арттырган, жалган маалыматка каршы күрөшкөн, объективдүү жана тең салмактуу маалымат алмашууну камсыз кылган жаңы механизмдерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.
Бүгүнкү форум – бул жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес. Бул жалпы келечекти биргелешип калыптандыруу мүмкүнчүлүгү. Ишеним маалыматтан башталат, ишеним диалог аркылуу бекемделет”, – деди агенттиктин директору.
Ал форумдун катышуучуларына ийгиликтүү талкууларды, жаңы идеяларды жана бекем өнөктөштүктү каалады.